Брейн-Ринг.

2017-12-02 12:00:16 291

01.12.17ж. саат 11:30да Финансы-юридикалык колледжинде адистиктер арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Ачылышында ФЮКтун директорунун м.а., доцент Н.Исаков сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Оюнга калыстык кылуу үчүн факультеттерден: Алтынбек у.М., Жайнаков Э.Т., Максатбеков С.М. келишти. Таймашка 5(беш) команда катышып, өздөрүнүн мыктылыгы менен 1-орунду “Келечек” командасы, 2-орунду “Программисттер” , ал эми 3-орунду “Ийгилик” командасы багындырды. Таймашты уюштуруу үчүн ФЮКтун тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ашимив Кутман, Жаштар комитенин төрагасы Калдыбай уулу Нуртемир салым кошуштуу.