Ата-энелер менен жолугушуу

2017-12-06 11:00:25 291

05.12.17ж. Финансы-юридикалык коллежинде “Бухгалтердик эсеп жана финансы ” кафедрасы тарабынан “Адамдык мамилелерди өркүндөтүү” жылына карата 3-курстун ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Сабактарда активдүүлүгүн көрсөтүп, коомдук иштерге жакшы катышкан студенттердин ата-энелерине “Ыраазычылык кат” берилди. Жолугушууда студенттердин тарбиясы, жүрүш-туруш адеби, кийинүү адеби боюнча талкуулар болду. Окутуучулар тарабынан баяндамалар окулуп, чогулуштун аягында студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.