Эскерүү кечеси...

2017-12-12 17:16:06 290

12-декабрь, саат 13:00 дө ФЮКтун ЖББДнын тилдер кафедрасы Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “ Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс, кыргыздын кырааны бар, аты-Чынгыз” аттуу адабий-музыкалуу эскерүү кечесин өткөрдү. Кеченин ачылышын ФЮКтун директорунун м.а.,доцент Н.Исаков ачып, өзүнүн таасирдүү сөздөрү менен бөлүштү. Кечеде Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, чыгармаларына жазылган ырлар ырдалды. Улуу жазуучубуздун чыгармалары боюнча тартылган сүрөттөр жана дубал гезиттер конкурсу болуп, жеңүүчү тайпалар аныкталды. Көргөзмө уюштурулуп, Ч.Айтматовдун китептери, чыгармалары боюнча тартылган көркөм фильмдерден үзүндүлөр жана студенттердин эмгектери коюлду.