КР ИИБнын окуу борборуна сапар...

2017-12-15 17:19:14 271

2017-жылдын 14-декабрь күнү ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин Укук таануу адистигинин студенттери, КР ИИБнын Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалы менен таанышышып, атайын уюштурулган лекциянын угуучулары болуп кайтышты. Лекциянын негизги максаты студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттыруу, патриоттуулукка чакыруу, укуктук аң-сезимин ойготуу болуп эсептелинди.