“Студенттерди тарбиялоо жаатындагы социалдык-инсандык сапаттарын калыптандырууда колледждин жана ата-энелердин орду” аттуу ата-энелер конференциясы

2017-12-18 15:39:45 277

“Студенттерди тарбиялоо жаатындагы социалдык-инсандык сапаттарын калыптандырууда колледждин жана ата-энелердин орду” аттуу ата-энелер конференциясы 2017-жылдын 16-декабрь күнү саат 13:00дө Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасы “Студенттерди тарбиялоо жаатындагы социалдык-инсандык сапаттарын калыптандырууда колледждин жана ата-энелердин орду” аттуу ата-энелер конференциясын өткөрүштү. Конференцияга ФЮКтун директорунун м.а., доцент Исаков Н. Ж., ФМИТ кафедрасынын башчысы ф.-м.и.к., доцент Калдыбаева Г.А., кафедранын окутуучулары жана тайпалардын кураторлору катышты. Конференцияга ПОВТАС адистигинин 2-3-курстарынын ата-энелери келип, ОшМУда болуп жаткан бир топ жаңылыктар тууралуу маалымат алып, инсанды тарбиялоо жаатындагы негизги көйгөйлөр жана аларды жоюу жолдорун кызуу талкуулашты. Келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун окутуучулар менен ата-энелер биргеликте табышты. Конференция толугу менен максатына жетти.