Практиканттарга усулдук жардам берүү

2018-02-02 15:39:45 279

31-январь жана 1-февраль күндөрү ФЮКтун ФМИТ кафедрасынын Практика боюнча жооптуу окутуучусу Акназарова Сүйүмкан Ноокат районуна караштуу Социалдык фонд башкармалыгы, Билим берүү башкармалыгына барып практиканттарды текшерип келди. Социалдык фонд башкармалыгында ПК-1-16 тайпсынын студенттери Жээнбек уулу Жуматур, Исмадияр кызы Эльнара жана Билим берүү башкармалыгында ПК-11-1-17 тайпасынын студенти Орозалиев Сыймык окуу-өндүрүштүк практикасын өтүп жатышат. Ишкана тарабынан практиканттарга оң сын пикир айтылды. Социалдык фонд башкармалыгына чыккан студенттердин жетекчиси Киреше бөлүмүнүн адистери Мамразаков И., Мурзаев Д., жана Билим берүү башкармалыгына чыккан студенттин жетекчиси тарабынан башка студенттерди да парктикага жөнөтүү сунуштары айтылды.