Финансы-юридикалык колледжиндеги мобилд үүлүк иш-чарасы

2018-02-22 16:00:47 368

Финансы-юридикалык колледжиндеги мобилд үүлүк иш-чарасы Иш-планга ылайык, ФЮК менен өз-ара келишими бар Жалал-Абад Эл аралык университетинин “Гуманитардык-экономикалык колледжи” менен ички мобилдүүлүктү арттыруу боюнча 2018-жылдын 19-февралынан тарта бир жумага пландаштырган иш-чарабыз болуп өттү.Анда аталган колледжден : Учеттук-финансылык дисциплиналар циклинен 3 окутуучу : 1. Абсаматова Гульбубу Нурмаматовна 2. Топчубаева Гульшайыр Иманкуловна 3. Мажитова Дамира Жолборсбековналар келишти. Укук таануу адистигинин окутуучулары: 4. Юлдашев Кабылжан Камалдинович 5. Сайпидинов Бакытбек Рысбаевич ФЮКтун директорунун м.а.,э.и.к., доцент Н.Исаков тарабынан бекитилген 5(беш) күндүк программа боюнча иш алып барылды. Анда ОшМУга саякат, ӨздӨрүнүн колледжи боюнча студенттерге презентация, кафедрадагы нормативдик документтер менен таанышуу, тиешелүү дисциплиналардан обзордук лекциялар, заманбап окутуунун усулдары боюнча баарлашуу жана жыйынтыктоо процесстери жүрдү. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, келген меймандар ОшМУнун Өнүктүрүү жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн проректору А.Абдувалиевдин, ЖОЖдорго чейинки даярдоо департаментинин проректору Т.Эркебаевдин жана окуу иштери боюнча биринчи проректор Авазбек уулу Расул агайларыбыздын кабыл алуусунда болушту. Меймандарды биринчилерден болуп ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин башчысы, ф.и.к., доцент Амиралиев Семетей Манасович өзү тосуп алып, ОшМУнун жалпы структуралары боюнча ОшМУнун музейине саякат жасатып кенен, кызыктуу маалыматтарды берди. Ошондой эле БЭжФ кафедрасынын башчысы Асилбек кызы Жыпара, Укук таануу кафедрасынын башчысы Асанбекова Джамийла эжекелерибиз конокторду жылуу тосуп алышып, болгон жардамдарын беришти. Мобилдүүлүк иш чарасы ФЮКтун Эл аралык байланыштары боюнча жооптуусу Ж.Райимбердиева тарабынан ишке ашырылды.