Мобилд үү л ү к боюнча иш сапар...

2018-03-02 12:22:12 339

Мобилд үү л ү к боюнча иш сапар... ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин Укук таануу кафедрасынын доценти Дж.Асанбекова жана улук окутуучу А.Осмонова 2018-жылдын 26-февралынан 1-мартга чейин Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинде мобилдүүлүк боюнча иш сапарында болуп кайтышты. 26-февраль күнү Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетине саякат жасалды. 27-февраль күнү Гуманитардык-экономикалык колледжинин студенттерине Ош мамлекеттик университети, финансы-юридикалык колледжи, укук таануу кафедрасы боюнча презентация жасап, студенттер менен пикир алмашуу болду. 28-февраль күнү Гуманитардык-экономикалык колледжинин 030505 “Укук таануу” программасынын көз карандысыз аккредитациядан өтүү боюнча даярдаган иш кагаздар менен иш жүргүзүлдү. Күндүн экинчи жарымында аккредитациянын талаптарына ылайык дисциплинанын, практиканын жана МАЭ ОМКсын жана БКФны түзүү боюнча окутуучулар менен пикир алмашуулар болуп өтүү. 1-март күнү Гуманитардык-экономикалык колледжинин Укуктук, социалдык жана гуманитардык, технологиялык сабактардын циклининин окутуучуларына “Студенттердин билимин баалоо формалары жана критерийлери” аттуу темага семинар өтүлүп, талкуу жүргүзүлдү. Мугалимдерибиз “К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин ректораты Сизге көз карандысыз аккредитацияга даярданууда көрсөткөн жардамыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирет!” деген ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТАР менен кайтышты.