Сатывалдиев Дүйшөн Ражабалиевичтин 70 жаш ЮБИЛЕЙИ.

2018-03-07 09:09:41 293

Сатывалдиев Дүйшөн Ражабалиевичтин 70 жаш ЮБИЛЕЙИ. Сатывалдиев Дүйшөн Ражабалиевич ага окутуучу. Жалпы эмгек стажы 48-жыл, Бишкек ш. “Мыкты окуу китеби 2013” сынагынын жыйынтыгы боюнча II-даражадагы диплом. Ал 40 илимий-усулдук макалалардын, 4 окуу куралдын автору. Кыргыз Республикасынын илим билим министрлигинин ардак грамотасы жана “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Үй-бүлөлүү: үйдө жароокер жар 6 кыз 5 уулдун атасы, 37 неберенин сыйлуу чоң атасы. 3-март күнү Финансы-юридикалык колледжинин ЖББД табият таануу кафедрасынын улук окутуучусу Сатывалдиев Дүйшөбай агайдын 70 жылдык юбилейине арналган кече болуп өттү. Кечеге колледжинин педагогикалык жамааты директордун м.а.,доцент Н. Исаков катышты. Кеченин коногу Ош областык айлана-чөйрөнү коргоо жана Токой чарба башкармалыгынын башкы адиси, КРнын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмесинин Ош областы боюнча кординатору К. Абдисатаров Сатывалдиев Дүйшөбай агайга КРнын “Ардактуу ак сакалы” наамы ордени менен сыйланган сыйлыгын тапшырды.