Финансы-юридикалык колледж

2014-05-08 10:34:07 271

Финансы-юридикалык колледжинин окуучулары адистикке багыт берүү иштерин жүргүзүүдө. ФЮКтун Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын окутуучулары ушул жылдын 7- май күнү Кара-Кулжа районундагы мектептерде адистикке багыт берүү иштерин жүргүзүштү. Тактап айтканда райондогу 14 орто жана атайын мектеп гимназияларында болушту. Алар О.Сабдилкановдун автордук мектеп-гимназиясы, Ш.Жээнбеков, М.Баатыров, Ак-Кыя, Ш.Исмаилов, К.Жантөшев, О.Абдылдаев, А.Осмонов атындагы орто мектептер ж.б. Кафедра окутуучулары 9-11- класстын окуучуларына атайын маалымат баракчаларды таратып, окуу жай жөнүндө кеңири маалымат берип ошондой эле окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.