Мырзалардын гигиенасы...

2018-03-30 15:05:37 290

ОшМУнун ректорунун буйругу менен түзүлгөн графикке ылайык ФЮКтун дирекциясы тарабынан 2018-жылдын 29-март күнү студенттер менен дарыгерлердин жолугушуусу уюштурулду. Аталган жолугушууга Ош областтар аралык тери венерология борборунун дарыгери Зубаиров Тажибай Зубаирович жана ОшМУнун ден-соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Акрамова Барчиной Гуламжановна катышып, ар бири тиешелүү багыттар боюнча студенттерге кеңири маалымат беришти. Жолугушууга катышкан студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.