«Айтматовдун ааламы» деген темадагы акыл таймашы

2018-04-02 13:23:07 277

ФЮКта ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучусу Бекмуратова Рахат залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовдун ааламы» деген темада акыл таймашын өткөрдү. Таймаштын максаты: Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча алган билимдерин бекемдөө, толуктоо, кызыгуусун арттыруу, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү болду. Ага 1-курстун студенттеринен беш топ: «Акбара», «Ак кеме», «Кызыл алма», «Жамийла», «Гүлсарат» катышышты. Акыл таймашы үч этап менен өткөрүлдү: Жыйынтыгында, таймаш өтө кызыктуу өттү, анда 1-орунду «Акбара» тобу, 2-орунду «Жамийла» тобу, 3-орунду «Ак кеме» тобу алышты жана дипломдор менен сыйланышты. Мындан ары да коллежибизде алп жазуучубуздун чыгармалары боюнча иш-чаралар өткөрүлө бермекчи.