ФЮКта “Жөө жүргүнчү” аттуу жолугушуу уюштурулду

2018-04-02 14:43:35 279

ФЮКта “Жөө жүргүнчү” аттуу жолугушуу уюштурулду 2018-жылдын 2-апрелинде ФЮКтун дирекциясынын чакыруусу менен Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү, милициянын майору Рашид Сыдыков келип, колледждин студенттерине жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо, алардын алдын алуу жана болтурбоо максатында “Жөө жүргүнчү” аттуу жолугушуу уюштурулду. Милициянын майору Рашид Сыдыков Ош шаарында эле 3 айдын ичинде 86 адам жол кырсыгына учураганын, бул кырсыктарга көбүрөөк жөө жүргүнчүлөр күнөлүү болуп чыккандыгын баса белгиледи жана студенттерди жолдо жүрүүнүн эрежелерин так сактоого чакыруу менен студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берди.