«Адам жана табият – Ч.Айтматовдун чыгармаларында» аттуу илимий-студенттик конференция

2018-04-04 14:59:48 283

3-апрель күнү ФЮКта ЖББДнин тилдер кафедрасы тарабынан, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Адам жана табият – Ч.Айтматовдун чыгармаларында» аттуу илимий-студенттик конференция болуп өттү. Илимий-студенттик конференциянын максаты: алп жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата чыгармаларындагы адам жана табияттын тыгыз байланышта өмүр сүрүшү жана экологиялык проблемаларды ачып берүү; табиятка, анын байлыктарына аяр, этият жана гумандуу мамиле кылуу ар бир атуулдун ыйык милдети экендигин жеткиликтүү түшүндүрүү болду. Конференциянын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы экологиялык проблемалар, адам жана жаратылыш мамилеси жөнүндө студенттер доклад окушту. Айта кетсек, «Символ горы в романе Ч.Айтматова «Когда падают горы», «Кыямат» романындагы экологиялык проблемалар» ж.б. темадагы илимий докладдар. Ар бир доклад слайд менен коштолду. «Ак кеме» повестиндеги адам жана жаратылыш» деген темадагы илимий докладдан соң талкуу (дебат) өткөрүлдү. Жыйынтыгында, илимий-студенттик конференцияга активдүү катышып, окуган мазмундуу докладдары үчүн төрт студент атайын диплом менен сыйланышты. Илимий-студенттик конференциянын уюштуруучусу – кафедранын илимий иштерине жооптуу окутуучу Бекмуратова Рахат.