“Жасалма интеллект” аттуу студенттик дебат болуп өттү

2018-04-05 18:02:23 292

5-апрель күнү саат 12:00дө Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасы тарабынан Илимий жумалыктын алкагында “Жасалма интеллект” аттуу студенттик дебат болуп өттү. Иш-чарага ФЮКтун директорунун м.а., э.и.к., доцент Исаков Н., ФМИТ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Калдыбаева Г., ФЮКтун илимий иштер боюнча директордун орун басары Жороева А. жана ФМИТ кафедрасынын окутуучулары катышты. Дебатта 2-курстун студенттеринен куралган эки команда “AI” жана “Робот адам эмес” Жасалма интеллект тууралуу талкуу жүргүзүштү. Командалар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, студенттер активдүү катышышты.