Чынгыз Айтматов – духовная опора народа

2018-05-28 13:48:13 400

ФЮКта дүйнө элине таанымал аты алайга, даңкы далайга кеткен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучулары Б.Дуйшоева жана К.Кокчаев « Чынгыз Айтматов – духовная опора народа» деген аталыштагы адабий кече өткөрүштү. Кечеге ФЮКтун директорунун м.а., доцент Н.Исаков, ФЮКтун окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. Студенттер Ч.Айтматовдун “Ак кеме”, “Кызыл алма” повесттеринен үзүндүлөрдү аткарышты, монологдорду айтышты. Кече жазуучунун чыгармаларына арналып жазылган обондуу ыр-бийлердин коштоосунда өткөрүлдү.