Поэзия кечеси

2014-05-28 11:57:54 245

27-май күнү Финансы- юридикалык коллежинде ак сакалдар кеңеши тарабынан уюштурулган "Жүрөктүн өчпөйт жалыны" аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде акын Исмаилова Жумагүл эженин ырлары окутуучулар жана студенттер тарабынан көркөм окулду. Кечеге ОшМУнун илимий иштер боюнча проректор Т. Жумабаева жана ОшМунун аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г. Анарбаева, акын Исмаилова Жумагүл эже, ФЮКтун директору, доцент Т. Акматова ошондой эле окутуучулар, студенттер катышышты.