Финансы - юридикалык коллеж

2014-06-12 09:59:21 241

ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы бүтүрүүчү III курстардын “Экономика жана бухгалтердик эсеп” жана “Салык жана салык салуу” адистиктеринин квалификациялык практикасын жыйынтыктап конференция уюштурду. Аталган конференция ФЮКтун директору, доцент Т.А.Акматова ачып берип практиканын маанилүүлүгү, университеттин практика боюнча жүргүзгөн иштери боюнча кеңири маалымат берүү менен теориялык билимин практикада мыкты көрсөтө алып ишканадан алган мактоо баракчаларын төмөнкү студенттерге тапшырды: ЭБК-2-11 тайпасынын студенттери Омарова Махабат, Жанибек кызы Мээрим, ЭБР-5-11 тайпасынан Назирсултанова Тахмина. Квалификациялык практиканын талаптары, өтөөнүн тартиптери жана шарттары боюнча кафедранын окутуучусу Баетова Назгул доклад жасады. Андан соң жалпы ЭБК-2-11 тайпасы практиканын жүрүшү боюнча атайын видео ролик даярдашып, студенттердин берген суроолоруна жооп берди. ЭБК-1-11 тайпасынын студенти Нуркамилов Жоомарт өзүнүн практикасын өтөгөн Ноокат районундагы Салык кызматындагы ишмердүүлүктү сахналаштырып көрсөтүп берди. Аягында студенттер тарабынан даярдалган концерттик програмаа аткарылып, андан соң аталган кафедранын практика боюнча башчысы Б.Файзуллаев конференцияны жыйынтыктады.