Финансы - юридикалык коллеж

2014-06-12 10:00:58 242

ОШМУнун Финанасы- Юридикалык колледжинин «Финанасы жана банк иши» кафедрасынын Финансы тармактары жана банк иши адистиктеринин 3-курстар үчүн 6-июнда квалификациялык практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияны ачуу үчүн «Финанасы жана банк иши» кафедрасынын башчысы Асилбек к. Жыпара эжекеге сөз берилди. 3-курстардын студенттерин квалификациялык практиканы ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктап, келечекте мыкты адис болууларына каалоолорун айтып өттү. Андан кийин кафедрадагы практикага жооптуу мугалим Алиева Диляфруз эжеке “практиканы өтүүдөгү кыйынчылыктар жана жетишкен ийгиликтер” деген темада доклад окуду. Практика боюнча тайпаларга бөлүнгөн жетекчилер ар бири өз тайпасынын абалы менен тааныштырып, жыйынтыгы ийгиликтүү болгондугун айтып өтүштү. Практиканы өтүп келген студенттерге сөз берилди.Ошону менен бирге студенттердин арасынан алган теориялык билимдерин практикада мыкты көрсөткөндүгү үчүн төмөнкүлөржумушка жайгашышты: 1. Эркинбек к. Мээрим тайпасы БДР-2-11 Optima Bank 2. Дуйшөбаев Азирет тайпасы ФКР-5-11 Optima Bank 3. Токторбаев Айдарбек тайпасы ФКР-5-11 “ФинансыКредит Банк” Ашанбаева Каникей ФКР-4-11 тайпасынын студенти практиканы Капитал Банкта өткөндүгүн слайт түрүндө көрсөтүп берди.