8-ноябрь - тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.

2018-11-06 16:43:26 280

Бүгүн финансы-юридикалык колледжинде 8-ноябрь ата-бабаларды эскерүү күнүнө жана сталиндик репрессиянын 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси болуп өттү. Анда сталиндик зулум саясаттын курмандыгы болгон 137 адамдын сөөгү жаткан Ата-Бейит мемориалдык комплекси тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлүп, Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” романынан үзүндү аткарылды жана Ата Мекен тууралуу мекенчилдикке үндөгөн ырлар ырдалды. Кеченин жүрүшүндө сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эл үчүн жасаган опол-тоодой эмгектери жөнүндө сөз болду. Эскерүү кечесинин уюштуруучусу ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучусу - Бекмуратова Рахат жана ЭБР-4-17 тайпасынын студенти Эгемназаров Исхак.