Куратордук ачык саат

2018-11-12 13:22:08 292

6-күнү II смендин 3-парасында ЭБК1-17 тайпасына ачык куратордук тарбиялык саат өткөрүлдү. Куратордук сабактын темасы “Эгер студенттердин жүрүм-турумдарын адеп-ахлак ченемдери менен карап көрсөк...” деген теманын алкагында “Студенттин бир күндүк жашоосу” оң жана терс каармандагы студенттердин образдары менен 5 эпизоддогу окуялар чагылдырылып көрсөтүлдү. 1) эрте мененки мезгил; 2) сабак учурунан; 3) телефон менен сүйлөшүү; 4) кечки мезгил; 5) 20 жылдан кийинки мезгил. Сабактын жүрүшүндө оң жана терс кааармандагы Турат менен Сагындын образдарына студенттер тарабынан пикирлер айтылып, окуяларга баа берилди. Жыйынтыгында сабактын коюлган максатына ылайык Студенттерди туура жолго багыттоо, убакытты туура пайдалануу, адамдарга туура мамиле жасоо, туура сүйлөө эрежесин үйрөтүү, пайдалуу жумуш жасоо, эмгекчилдикке тарбиялоо ж.б. кайсыл образдарда чагылдырылганын тайпанын куратору кеңири айтып, ар бир максатка токтолду. Сабактын экинчи бөлүгүндө “Күз майрамы” деген аталыштагы көргөзмө уюштурулду. Тарбиялык саатка ФЮКтун директору доцент Т.А.Акматова, доцент Т.Атантаев, э.и.к. Асилбек к Жыпара, Тарбиялык иштер боюнча д.о.б К. Ашимов, Ж. Раимбердиева, Г. Закирбаева, Чынберди к Айчүрөк, Абдиллаева Миргүлдөр катышты. Сабакты уюштуруучу, ЭБК-1-17 тайпасынын куратору: БЭжС кафедрасынын башчысы, ага окутуучу Исаков К.А.