Педагогикалык изденүү – окутуунун сапатын жакшыртуунун жолу

2018-11-21 14:01:42 278

ЖББДнин тилдер кафедрасында “Педагогикалык изденүү – окутуунун сапатын жакшыртуунун жолу” деген темада усулдук семинар өткөрүлдү. Анда кафедранын окутуучулары Бекмуратова Рахат, Кокчаев Канат, Жунусова Кыздархан ийрек, РАФТ, инсерт усулдарын тил жана адабият сабактарында колдонуу жолдорун көрсөтүп беришти. Семинарда ар кандай көрсөтмө куралдар жана таратма материалдар пайдаланылды. Жыйынтыгында, семинардын катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтышты жана өтүлгөн интерактивдүү усулдарды өз сабактарында пайдаланууга дилгирлигин билдиришти.