ФЮКтагы академиялык мобилдүүлүк боюнча өткөрүлгөн иш-чара

2018-11-21 14:13:14 323

ОшМУнун финансы-юридикалык колледжи, ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун Ош деклорациясы жана 10+10+10+10 долбоорлорун ишке ашыруу максатында ички мобилдүүлүктү колго алууда. Айта кете турган нерсе, ФЮК Кыргызстандын ичиндеги бир топ орто кесиптик окуу жайлары менен өз-ара академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзгөн. Түзүлгөн келишимдердин негизинде, ФЮКтун директору, доцент Т.Акматованын колдоосу менен жана ФЮКтун Эл аралык байланыштары боюнча жооптуусу Ж.Райимбердиеванын демилгеси менен 2018-2019 окуу жылынын 12.11.2018ж.-17.11.2018ж. күндөр аралыгында ОМПИнин жана ОшТУнун Технологиялык колледждери менен студенттер ичинде ички мобилдүүлүк иш-чарасын жүргүздү. Бул иш-чаранын максаты: өз-ара тажрыйба алмашуу, ички достукту бекемдөө жана келечекке бирдиктүү окуу системасы менен багыт алуу болуп саналат.