“Татаал сөздөр жана алардын жазылышы ” деген темада ачык сабак өтүлдү

2018-11-26 11:32:33 285

Ош МУнун финансы-юридикалык колледжинин ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучусу Жунусова Кыздархан 2018-жылдын 21 - ноябрь күнү I сменанын 2-парасында УКК-1-18 тайпасына “Татаал сөздөр жана алардын жазылышы ” деген темада ачык сабак өттү. ФЮКтун окуу-методикалык кеңешинин төрайымы А.Осмонова баш болуп, сегиз окутуучу сабакка катышып, өздөрүнүн пикирлерин айтышты. Сабакта жаңы инновациялык методдорду пайдаланып, теманы ачып бере алды. Анда студенттер активдүүлүгүн көрсөтүп, чыгармачылык менен иштешти.