Куратордук саат

2018-11-28 10:24:00 334

ОшМУнун 80 жылдыгына карата 27-ноябрь күнү ЭБК-1-16 тайпасы куратордук саатта“Директор менен бир саат” долбоорун уюштурушту. Долбоор 3 бөлүктөн болуп: 1. Университетттин тарыхы, ишмердүүлүгү, колледждин тарыхы, анын ичинен окуу процессинин, тарбиялык иштердин уюштурулуусу боюнча суроолордун топтому; 2. Директордун ишмердүүлүгү, өмүр жолу, ийгиликтери, жеке жашоосу боюнча суроолордун топтому; 3. Жакшы адам жана мыкты адис болуунун формуласы боюнча суроолордун топтомунан турду; Жогорудагы 3 бөлүк боюнча ФЮКтун директору студенттердин бир нече суроолоруна жооп берди. Катышуучулар директорго кызыктуу суроолорду берүү менен Т.Акматовадан жашоого болгон позитивдүү көз карашты, тыным албаган эмгекчилдикти,үзгүлтүксүз билим алуу керектигин, адамдарга туура мамиле жасоону, кайраттуулукту, жашоону кандай жашоо керектигини үйрөнүштү. Андан сырткары ОшМУга, колледжге салымы бар адамдар жөнүндө да айтып берди. Долбоордун жүрүшүндө ЭБК-1-16 тайпасы өздөрүнүн чыгармачылыктарын, жасап келген көркөм чыгармачылык буюмдарын тааныштырышты. Долбоор ОшМУнун 80 жылдыгына арналып уюштурулду жана жыл бою башка дагы жетекчилерди чакырып уюштурулат. Долбоордун уюштуруучусу: ЭБК1-16 тайпасынын куратору К.Исаков.