“Студент жана илимий техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференция

2018-11-30 16:33:31 287

2018-жылдын 29-ноябрында, ОшМУда, Илим жана Аспирантура бөлүмү тарабынан уюштурулган “Студент жана илимий техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференция болуп өттү. Бул конференцияга, ФЮКтун Финансы жана банк иши кафедрасынын окутуучусу Г.Тойчубекованын жетекчилигинде, ФКК-1-16 тайпасынын студенти, Бактыбекова Айжамал “Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарындагы туризмдин перспективалык багыттары” аттуу статья боюнча баяндама жасап, баяндаманын актуалдуулугу жогорку деңгээлде экендиги бааланып, ОшМУнун жарчысы журналына акысыз чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды. Мындан сырткары, Бухгалтердик эсеп жана салык салуу кафедрасынын окутуучусу, Райимбердиева Жаннаттын жетекчилиги менен БДК-1-16 тайпасынын студенти Абдибалиева Барчынай “ Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын учурдагы абалы жана өнүктөрүү жолдору” аттуу макаласына баяндама жасап, III даражадагы дипломго ээ болду.