Куратордук саат

2018-12-06 10:12:50 354

ОшМУнун 80 жылдыгына карата 4-декабрь күнү БДК-1-16, ЭБК-1-16 тайпалары куратордук саатта“Жетекчи менен бир саат” долбоорунун кезектеги сериясын биргеликте уюштурушту. Долбоордун коногу ЖОЖдорго чейинки билим берүү департаментинин директору, б.и.к., доцент Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич болду. Долбоордун жүрүшү 4 бөлүктөн болуп: 1. Жалпы университетттин ишмердүүлүгү (окуу, тарбия иштери, материалдык техникалык база, студенттерге каралган жеңилдиктер ж.б.) боюнча суроолордун топтому; 2. Агайдын ишмердүүлүгү, өмүр жолу, ийгиликтери, жеке жашоосу боюнча суроолордун топтому; 3. Жакшы адам жана мыкты адис болуунун формуласы боюнча суроолордун топтому; 4. Студенттердин өздүк көркөм чыгармачылык эмгектерин тааныштыруу. Жогорудагы бөлүмдөр боюнча Тажимамат Кудайбердиевич студенттердин ар тараптуу бир нече суроолоруна жооп берди. Андан сырткары ОшМУга салымы бар инсандар жөнүндө да айтып берди. Долбоордун максаты: 1. Жетекчилик менен студенттерди жакындатуу; 2. Чакырылган инсандын өмүр жолу, ийгиликтери аркылуу студенттердин жашоосуна туура багыт берүү; 3. ОшМУнун түптөлүшүнө салымы бар инсандар жөнүндө маалымат алуу; 4. Студенттердин кеп маданияттарын өнүктүрүү; 5. Студенттердин бош убактыларын туура пайдалануу менен алардын көркөм чыгармачылыктарын өркүндөтүү. Долбоордун жүрүшүндө ЭБК-1-16, БДК-1-16 тайпалары өздөрүнүн көркөм чыгармачылык эмгектерин тааныштырышты. Долбоор ОшМУнун 80 жылдыгына арналып уюштурулду жана жыл бою башка дагы жетекчилерди чакырып уюштурулат. Кезектеги долбоордун уюштуруучулары: БДК-1-16 тайпасынын куратору Асилбек к Ж, ЭБК1-16 тайпасынын куратору К.Исаков.