1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2018-12-06 13:05:48 310

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата ФЮКтун дирекциясы тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрь күнү студенттер менен дарыгерлердин жолугушуусу уюштурулду. Аталган жолугушууга Ош облустар аралык наркология борборунун өспүрүрмдөр наркологу, дарыгери Орозкулова Мариям Эгемкуловна, Облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун дарыгери Шайдиев Жапар Абдылдаевич жана ОшМУнун ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Конобаев Немат Жунусбаевич катышып ар бири тиешелүү багыттар боюнча студенттерге кеңири маалымат беришти. Жолугушууга катышкан студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.