Ата-энелер конференциясы

2018-12-11 08:38:03 293

2018-жылдын 8-декабрында Финансы-юридикалык колледжинин укук таануу жана социалдык иштер кафедрасы тарабынан уюштурулган “ Билимдүү жаштар – келечектин үмүтү”, - аттуу ата-энелер конференциясы болуп өттү. Конференциянын максаты: - адистиктердин негизги кесиптик билим берүү программасы (НКББП) менен тааныштыруу жана талкуулоо; - AVN автоматташтырылган информациялык система боюнча жеткиликтүү маалымат берүү; - ата-энелердин милдетин түшүндүрүү, ата-энелер менен окуу жайдын байланышын чыңдоо; Конференцияга адистиктердин 1-2-3-курстарынын студенттеринин ата-энелери катышышты, катышуучулардын саны 164 ата-энени түздү. Конференцияны ФЮКтун директору, доцент Т.А.Акматова ачып берип, өз сөзүндө ОшМУнун миссиясы, инфраструкту́расы жана билим берүүдөгү ата-энелердин ролу тууралуу айтып өттү. Ошондой эле, негизги кесиптик билим берүү программасы (НКББП) менен тааныштырылып, талкуу жүргүзүлдү. AVN автоматташтырылган информациялык система боюнча жеткиликтүү маалымат берилди.Студенттер тарабынан чакан концерттик программа аткарылды. Жыйынтыгында, ата-энелер анкеталарды толтурушту жана сунуштарын беришти.