Өзгөрүүгө, өнүгүүгө бир кадам!

2018-12-12 15:32:43 284

ОшМУнун 80 жылдыгына карата студент жаштарды адеп-ахлакка, ыймандуулукка тарбиялоо максатында ФЮКтун дирекциясы жана “Финансы жана банк иши” кафедрасы тарабынан 2018-жылдын 11-декабры күнү Ош шаарындагы “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун директору Аскарбек Акинбай уулу чакырылып, “Өзгөрүүгө, өнүгүүгө бир кадам!” аттуу темада кызыктуу конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга ФЮКтун дирекциясы, окутуучулар жана студенттер катышып, кызыккан суроолорго жооп алышты. Иш чаранын аягында ФЮКдун директору, доцент Т. Акматова “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун директору Аскарбек Акинбай уулуна терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да мындай конок лекцияларды үзгүлтүксүз уюштуруп туруу зарыл экендигин билдирди.