ИДН менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду

2018-12-12 15:55:42 316

ФЮКтун дирекциясы тарабынан 2018-жылдын 5-декабрь күнү колледждин 1, 2, 3-курстун студент кыздарын топтоп, ОшШИИБнын “Ак-Буура” милиция бөлүмүнүн ЖӨИнун ага тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты – Жаныш Жумашовдун катышуусунда “Кыздардын арасында бейбаштыктын алдын алуу, топтошуп урушууну болтурбоо” максатында жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда интернетке жарыяланып жаткан кыздардын терс көрүнүштөрү боюнча видео тасмалар студенттерге көрсөтүлүп, топ-топ болуп мушташуунун терс кесепеттери боюнча кенен маалымат берилип, жыйынтыгында кайсыл статья менен кылмыш иши козголоору жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер тарабынан берилген бир нече суроолорго милициянын ага лейтенанты Жаныш Жумашов толук кандуу жооп берди.