Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата

2018-12-14 11:47:32 301

Кеченин программасында, улуу жазуучунун төрөлүшү, бала чагы, студенттик кези, улуу чыгармаларды жараткан кези жана “Биринчи мугалим” “Кызыл жоолук жалжалым” атуу чыгармалары сахналаштырылды. Ал эми “Саманчынын жолу”, “Жамила” жана “Атадан калган туяк” аттуу чыгармалары боюнча даярдалган докладдар, кыргыз, англис жана орус тилдеринде сунушталды. Иш-чаранын максаты, адистиктин 3-стандартынын 2-пунктундагы студенттердин инсандык өнүгүүгө багыттоо болуп, көп тилдүүлүктү камтып көрүүчүлөргө жеткирүү эле. Бул иш-чарага келип катышкан студенттер курамы, окуутучулук жамаат жана ФЮКтун директору, доцент Т.Акматова ОшМУнун миссиясындагы интеграциялануу процессинин ишке алып жаткандыгын баса белгилеп, ыраазычылык билдирди жана мындан кийин ушундай иш-чаралардын көбүрөөк өтүлүшү керек экендигине токтолуп өттү. Уюштурган директордун илимий иши боюнча орун басары, окутуучу Г.Тойчубекова.