Перспективный план

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

Ош мамлекеттик университети

Финансы-юридикалык колледжинин 2019-2024 окуу жылдарындагы өнүктүрүүгө

карата стратегиялык

перcпективдүү

планы

Колледждин Педагогикалык

кеңешинин “__” _

_ ______күндөгү

№____ токтомуна ылайык талкууланган

“Бекитемин”

ЖОЖдорго чейин даярдоо

департаментинин директору,

доцент Эркебаев Т.К._________

“___” ___ _______

2019-2024 жылдардагы

Финансы-юридикалык колледжинин

өнүгүүсүнүн стратегиялык перспективдүү

ПЛАНЫ

Ош, 2019

Мазмуну

I Жалпы жобо

1. Документтердин багытталышы _________________________________4

2. Документтин колдонулуш аймагы _______________________________4 II Нормативдик таяныч (шилтеме) __________________________________4

Киришүү(перспективдүү пландын паспорту) ________________________5

III Негизги бөлүк _________________________________________________7

3.1 Финансы - юридикалык колледжинин проблемалык жагдайларына анализ ___________________________________________________________7

3.1.1 Жалпы мүнөздөмө _______________________________________7

3.1.2 Өнүгүүнүн негизги проблемалары __________________________9

3.1.3 Өнүктүрүүнүн концепциясы ______________________________10

3.2 Жеке инсанга багытталган компетенттүү мамилени жайылтуудагы колледжди өнүктүрүүдөгү негизги багыттары жана этаптары ____________11

3.3 Колледжди өнүктүрүү планындагы максаттар, милдеттер жана структурасы _____________________________________________________12

3.3.1 Программанын максаты жана негизги милдеттери __________12

3.3.2 Колледждин өнүгүүсүнүн принциптери ____________________14

3.4 Колледждин программасынын түзүлүшү жана өнүгүү планындагы иш чаралар _____________________________________________________14

3.4.1 Программанын негизинде адистерди даярдоону өнүктүрүүнүн мазмуну ________________________________________________________14

3.4.2 Бүтүрүүчүлөрдүн мекеме-ишканаларга зарылдыгын жана билим берүүнүн сапатын баалоо системасын өнүктүрүү _____________________16

3.4.3 Жогорку квалификациялуу кадрлар менен колледжди толуктоо жана алардын кесиптик-педагогикалык маданияттуулугун

калыптандыруу___________________________________________________17

3.4.4 Базар экономикасынын талабына ылайык адистерди тарбиялоого карата, окутуунун мазмуну жана структурасы _______________________18

3.4.5 Колледждин материалдык - техникалык базасын

чыңдоо _________________________________________________________19

3.4.6 Колледждин бардык иш аракеттеринин багыттарын камсыздоочу маалыматтарды өркүндөтүү_______________________________________20

3.5 Пландын максаттуу көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүнө ашырылышы жана күтүлүүчү натыйжалар ______________________________________20

3.6 Документтердин өзгөртүлүшү ____________________________23

3.7 Аткарылышын көзөмөлдөө _______________________________23

IV Таанышуу баракчасы _________________________________________24

I Жалпы жобо

1. Документтердин багытталышы.

1.1. Бул план колледждин саясатына карата сапаттуу адистерди даядоого багытталган.

1.2. Түзүлгөн план стандарт жана башка документтер менен биргеликте эле сапаттуу адистерди даярдоого карата түзүлгөн өз алдынчалуу документ.

2. Документтин колдонулуш аймагы.

2.1. Бул план педагогикалык кеңеште каралып колледждин 2019-2024 жылдардагы негизги приоритеттери, принциптери, максаттары, милдеттери, багыттары жана перспективалары аныкталган.

II Нормативдик таяныч (шилтеме)

Бул жобо төмөндөгү документтерге таянып түзүлгөн:

Ош мамлекеттик университетинин уставына (14.07.2004, протокол №10) ОшМУнун 2019-2024 жылдарындагы концепциясына, КРнын билим, илим министрлигинин орто кесиптик билим берүү мыйзамдарын.

Киришүү (перспективдүү пландын паспорту)

Программанын аталышы

Коллеждин 2019-2024 жылдардагы өнүгүү планы

Планды иштеп чыгуудагы негиз

Азыркы шарттарда колледждин орто кесиптик билим берүү документтеринде коюлган милдеттерге карата өнүгүүсү болуп жатат:

Кыргызстандын “Билим берүү” мыйзамына, ОшМУнун 2019-2024 жылдарына карата түзүлгөн концепциясына, Көз карандысыз аккредитациялоонун “Жайзет” программасынын талаптарына, Ош шаарынын өнүктүрүү планына

Планды иштеп чыккандар

Финансы-юридикалык колледжи

Пландын максаттары жана милдеттери

Максаттары: Кыргызстандагы орто кесиптик окуу жайлардын арасында жогорку билимдүү болууга карата терең билим алууга жана ийкемдүү заманбап адистерди даярдоодогу бирден-бир колледж болуп өнүгүүсү.

Региондун социалдык багытталуусундагы инновациалык талаптарына карата инсандардын сапаттуу билим алуу укугуна ээ болоорун камсыздоо;

Региондун талабына ылайыктуу орто кесиптик билимдүү адистер менен толуктоо;

Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мекемелерде экономикалык багыттагы, юридикалык маселелерди чечүүдө, товарды эксперттөө жана информациялык маалыматтар менен камсыз кылуучу адистерди сапаттуу даярдоо;

Көз карандысыз аккредитациянын көрсөткүчтөрүнө ийгиликтүү жетишүүдө билим берүүнүн базалык программасын терең өздөштүрүүгө жана тереңдетилген даярдыктарды көрүүдө шарттарды түзүү.

Өнүктүрүү программанын негизги маселелери аркылуу максатка жетишүү:

· Билим алууга муктаж болгон потенциялдуу абитуриенттер аркылуу финансы-юридикалык колледждин аброюн көтөрүү;

· Социалдык (коомдук) институттун өнүгүүсү катарында колледжди модернизациялоо;

· Бүтүрүүчүлөрдүн коомго зарылдыгын жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда менеджмент системасынын өнүгүшү;

· Колледждин кадрлык түзүмүн бекемдөө, адистердин, ишкерлердин жана окутуучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу;

· Билим алууга муктаж болгондорду эске алуу менен окуу жайды сапаттуу башкаруу системасын түзүү;

· Адистерди даярдоонун мазмуну мамлекеттик билим берүү стандартына негизделиши;

· Окутуу-тарбиялоо жараянын методикалык жактан камсыздоону күчөтүү;

· Окутуу жараянын жаңы технологиялар, жаңы маалымат сервистери, электрондук окуулуктар, электрондук документтер (зачетка, саат ж.б) менен камсыздоо жана аларды эффективдүү пайдалануу;

· Колледждин окуу-тарбия жумуштарында эффективдүү пайдалануу максатында материалдык-техникалык базаны чыңдоо;

· Бүтүрүүчүлөр байланыш түзүү максатында ассоциацияны уюштуруу;

· Базар экономикасына даяр болгондой адистерди чыгарууда кесиптик билим берүүнүн түзүлүшүн жана мазмунун өзгөртүп туруу;

· Иш берүүчүлөр, кызыктар тараптар (стейкхолдер) ата- энелер менен тыгыз байланыштарды түзүү системасын иш жүзүнө ашыруу;

· Колледжде ички-сырткы мобилдүүлүктү окутуучулар, студенттер арасында күчөтүү;

· Колледждин кызматчыларынын , студенттеринин эс алуусуна жана эмгектенүүсүнө шарттарды жаратуу

План

дын аткарылуу мөөнөтү

2019-2024 жылдары

Негизги иш чаралардын тизмеси

Билим берүү иш аракеттердин күчөтүлүшү; Жашоо шартына жараша багытталган туура келген инновациалык социалдык талаптардын орун алуусуна жооп бергендей сапаттуу билим алуу мүмүкүнчүлүктөргө ээ болуу;

Жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо;

Коомго керектүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо сапаттуу билим берүү системасынын өсүүсү;

Материалдык-техникалык базасын модернизациялоо.

Негизги иш-чараны аткаруучулар жана жардамчылар

Финансы-юридикалык колледждин педагогикалык жамааты жана бардык кызматчылар, студенттер, иш берүүчүлөр (мекемелердеги), социалдык өнөктөштөр.

Күтүлүүчү акыркы натыйжалар жана көрсөткүчтөр

Пландагы комплекстүү өнүгүүдөгү максатка карай колледждин туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү.

Мамлекеттик билим берүү стандартынын талабына ылайык орто билимдүү адистер менен коомдун муктаждыгын канааттандыруу

Планды аткарууда көзөмөлдөө системасын уюштуруу

Программанын иш жүзүнө ашырылышын коллеждин педагогикалык кеңеши көзөмөлдөйт. Пландын этап-этап менен аткарылышынын жыйынтыгын Педагогикалык жана Методикалык кеңештерде ошондой эле колледждин кеңешинде каралат

III Негизги бөлүк

3.1. Проблемалуу жагдайларга анализ.

3.1.1. Финансы-юридикалык колледжинин мамлекеттик билим

берүүчүлүк мекемеси катарында мүнөздөлүшү.

Колледждин МББМ – мамлекеттик орто МББМ билим берүү мекемеси Ош шаарынын Шакиров көчөсүнүн 271а жайгашкан, 2006- жылы негизделген.

Колледждин лицензиясы 05.06.2015 жылдагы №7/82 токтомдун негизинде, ал эми сертификат 19.06.2015 жылдагы №811/1токтомунда берилген. Колледж толук кандуу иштегенге мүмүкүнчүлүк алган жана 2018-жылга чейин аттестациядан өткөн. Регистрация номери №SC150000771.

Колледж 2017-жылы 13-майда көз карандысыз аккредитациялоодон ийгиликтүү өтүп, 2022-жылдын 25.05 күнүнө чейин толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүк алган. Сертификат VK № 170000159

Колледж Кыргыз Республикасынын конституциясына, “Билим берүү”мыйзамына жана башка мыйзам ченемдүү актыларга, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин билим берүүдөгү типтүү жоболоруна, нормативдик актыларга жана ОшМУнун уставына негиздеп иш аракетин жүргүзөт. Окуу жайдын структурасы ректоратка сунуш берүү аркылуу аныкталат.

Колледждин негизги стратегиялык багыттарынын

өнүгүүсү

· Сапаттуу билим берүүдө оңойлук, жеңилдик бере тургандай замандын талабына ылайыктуу кесипкөй кадрларды даярдоонун структурасын жана мазмунун келтирип чыгаруу;

· Стейкхолдерлердин (иш берүүчүлөрдүн), катышуусу менен бүтүрүүчүлөрдүн коомго зарыл экендигине сапаттуу баалоо механизмин калыптандыруу;

· Орто кесиптик билим берүүдө социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;

· Колледждин менеджменттик системасынын сапаттуу болуусун өнүктүрүү жана калыптандыруу;

· Окутуунун заманбап технологиясын, жаңы маалыматтык сервистерди кийирүүнү, билим берүүдө акыркы муундагы электрондук ресурстарды пайдаланууну иш жүзүнө ашыруу жана эффективдүү пайдалануу;

· Колледждин аброюна карата түзүлгөн пландарды жана илимий негизделген иш аракеттерди жайылтуу.

Бул стратегиялык багыттарды иш жүзүнө ашырууда колледждин жамаатына илимий-методикалык маселелерди чечүү менен биргеликте кароосу талап кылынат. Аларды иш жүзүнө ашырууда жылдык жана перспективдүү пландар иштелип чыгат.

Финансы-юридикалык колледждин негизги адистиктери:

Адистиктердин шифрлери

Адистиктердин аталышы

1

080108

Банк иши

2

080107

Салык жана салык салуу

3

080110

Экономика жана бухгалтердик эсеп

4

080106

Финансы

5

030503

Укук таануу

6

080403

Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын санын экспертизалоо

7

040101

Социалдык иштер

Финансы-юридикалык колледжинин структурасы:

· Окуу (методисттер, директордун орун басарлары);

  • Тарбия;
  • Методикалык;
  • Сапат;

· Эл аралык байланыштар;

  • Контракттык;
  • Практика;
  • Кафедралар.

3.1.2. Колледждин өнүгүүсүндөгү негизги проблемалар.

Коллеждин өнүгүүсүнүн таасири бир гана ОшМУнун өнүгүшүнө эмес, шаардын, мамлекеттин өнүгүүсүнө да таасири бар.

Замандын талабына ылайык базар экономикасына карата эмгектенүүдө билим берүүчүлүккө муктаждык күчөдү. Тең тайлашып иштөөдө колледждин алдында да жогорку сапаттагы адистерди даярдоо талап кылынууда.

Ал үчүн төмөндөгү проблемалар белгиленди:

· Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана анын эффективдүүлүгүн текшерүү;

· Билим берүүдө заманбап технологиялардын жетишсиз пайдаланышы;

· Билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун фактору катарында маалымат-байланыш технологиясын эффективдүү пайдалануунун жетишсиздиги;

· Окуу жана кошумча аянтчаларды пайдалануудагы муктаждыктардын канааттандырбагандыгы.

Жогоруда аталган факторлор колледждин андан-ары өнүгүүсүн татаалдаштырат. Ошондуктан колледждин жети адистигинде билим берип жаткан адистердин жумушка болгон мамилеси так жана жоопкерчиликтүү болуусу абзел.

Азыркы учурда колледждин негизги милдеттери :

· Билим алуучулардын коомго зарылдыгын эске алуу менен окутуунун формасына карата билим берүү программасындагы милдеттерди иш жүзүнө ашырууда шарттарды жаратуу;

· Түзүлгөн шарттарга оңой-олтоң ыңгайлаша алган жана потенциялдуу керектөөчүлөрдүн талабына маани берген мобилдүү орто кесиптик окуу жайына айландыруу.

3.1.3. Финансы-юридикалык колледжинин өнүгүү концепциясы.

Терең билимге ээ болгон, коомдогу өзгөрүүлөргө ийкемдүү болуп оңой-олтоң ыңгайлашкан жана коомчулукка керектүү адистерди даярдоо максатында түзүлгөн концепция.

Коллеждин өнүгүүсүнүн стратегиясы анын миссиясынын негизинде аныкталган.

М и с с и я

Колледждин салттуу эрежелерин сактап инновациялык иш аракеттерди жүргүзүү менен кесиптик билим берүүнүн сапатына жана коомго ийкемдүү заманбап адистерди (экономисттерди, финансисттерди , юристтерди, банк адистерин, салык жана салык салуу, социалдык иштер, товар жүгүртүү жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо) даярдоого кепилдик (гарант) болуу.

С т р а т е г и я

Стратегиялык максаты – коомдогу социалдык өнөктөштөрдүн, заманбап билимдерге жана интеллектуалдык көрөңгүгө суусаган инсандардын муктаждыктарын эске алуу менен колледждин инновациялык өңүттө туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо.

Илимдин дүркүрөп өсүшүнө негизделип адистерди даярдоо илимий-педагогикалык деңгээли жогору болгон билим берүү мекемелеринин адистерине байланышкан. Ошол себептүү колледждин кадрларынын потенциялына, инновациялык процесстерине башка окуу жайлар менен илимий байланыштарына негизделет.

Билим берүү процесстеринин негизи катары сапат системасын иштеп чыгуу жана өнүктүрүү. Колледждин өзүн-өзү аттестациялоо, сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу, окуу процессине мониторингди жүргүзүп туруу, башкарууда чечимдерди кабыл алууда билимдердин сапатын аныктоодо ыңгайлуулуктарды түзөт. Башкаруу системасын түзүүнүн жыйынтыгында жана окуу процессин уюштурууда сунуштарын берүүдө иш берүүчүлөр менен колледждин өз ара байланыштарын күчөтүү эсептелет.

Окуу процессин уюштурууда сунуштарын убак - убак кабыл алууда иш берүүчүлөр менен колледждин байланышын күчөтүүчү башкаруу системасын түзүү.

Сапаттуу орто билимдүү кызматкерди даярдоодо жана окууга карата кызыгуусун арттырууда негизги фактор катарында студенттердин практикага чыккандыгы иш аракеттери эсептелет. Ошондуктан бул милдеттерди иш жүзүнө ашырууда даярдалып жаткан адистиктерге карата тиешелүү мекемелер (укук коргоочу, сот, банк, салык салуу ж.б) менен биргеликте окуу процессине жана практикага сүңгүп кире алыша тургандай байланышты күчөтүү зарыл.

Колледждин аброю бүтүрүүчүлөрдүн ишке кабыл алган мекемелеринин берген баасына, окутуучу-профессордук жамааттын илимий-методикалык деңгээлине жана кызматкерлер менен студенттердин активдүүлүгүнө көз каранды. Жогоруда аталган шарттардын баары жеке инсандын өсүүсүнө багытталат.

Билим берүүдөгү жетишкендиктер салттуу билим берүүдөн айырмаланып, конкреттүү кесиптик иш аракеттерге карата гана адистерди даярдабастан жаңы билимдерди алууга ар дайым даяр, конфункционалдык билгичтиктерге ээ болгон, мобилдүү жана коомдун талабына, базар экономикасында эмгектенүүгө даяр адистерди калыптандыруу менен мүнөздөлөт.

3.2. Жеке инсанга багытталган компетенттүү мамилени жайылтуудагы колледжди өнүктүрүүдөгү негизги багыттар жана этаптар .

Колледждин өнүгүүсүнүн концепциясына жана анын иштөөсүнө негизделген.

Колледждин иш аракеттери анын өнүгүү концепциясына негизделген шарттарга анализ берүү менен өнүгүү багыттары аныкталган .

Колледждин негизги багыттары :

· Адистерди даярдоодогу программалардын мазмунун өркүндөтүү;

· Бүтүрүүчүлөрдүн коомго зарылдыгына жана билим берүүнүн сапатына баа берүү системасын өнүктүрүү;

· Колледждин кызматкерлеринин профессионалдык педагогикалык маданияттуулугун калыптандыруу жана жогорку квалификациялуу кадрларды өстүрүү;

· Базар экономикасынын муктаждыктарына тиешелүү кесиптик билим берүүнүн структурасын жана мазмунун карап чыгуу;

· Колледждин материалдык- техникалык базасын чыңдоо;

· Колледждин иш аракеттеринин бардык багыттарын маалыматташтырууну күчөтүү.

Этаптары:

1-этап: Уюштуруучулук, маани-маңыздуу иштер (2019-2020ж.ж.)

Максаты: Жеке инсанга багытталган компетенттүү мамиле жасоого карата келечекке адисттерди даярдоонун методикасын пайдалануу ыкмаларын калыптандыруу.

2-этап: Иш чаралардын мазмундуулугу (2021-2022ж.ж.)

Максаты: Колледждеги жаңы муундагы жогорку эффективдүү педагогикалык технологиялардын каражаттарын өздөштүрүүгө карата студенттерди кесипке даярдоодогу компетенттүү мамилени күчөтүү.

3-этап: Рефлексивдүү - баалоо (2023-2024ж.ж.)

Максаты: Жеке инсанга багытталган компетенттүү мамиленин негизинде иштеген педагогикалык жамааттын иш тажрыйбаларын жалпылоо.

3.3. Колледжди өнүктүрүү планындагы максаттар, милдеттер жана структурасы

3.3.1. Программанын максаты жана милдеттери

Пландын максаттары: Колледждин өнүгүүсү кыргызстандын түштүк регионун терең орто билимдүү адистер менен камсыздоодогу бирден-бир илимий-билим берүүчү комплекс катарында. Региондун орто билимдүү адистерге (экономист, банк кызматкерлери, салык, социалдык иштер, финансист, юрист) муктаждыгын эске алуу.

Аккредитациянын көрсөткүчтөрүнө жетише алгандай орто кесиптик окуу жайларынын билим берүү программасын иш жүзүнө ашырууда шарттарды түзүү.

Жогорудагы максаттарга жетүү үчүн иш аракеттердин бардык багыттарына карата колледждин жамаатына бир нече милдеттер коюлат.

Өнүгүү программасынын негизги милдеттери:

· Финансы-юридикалык колледждин аброюн абитуриенттер үчүн жана орто билимдүү адистерге, орто билимдүү адистердин ишмердүүлүгүнө муктаж болгондорго карата күчөтүү;

· Орто кесиптик билим берүүнү модернизациялоо социалдык институттун өнүгүүсү катарында кароо;

· Бүтүрүүчүлөрдүн коомго зарыл болгондой даярдоодо билим берүүнүн сапатын аныктоо, баалоо системасын өнүктүрүү;

· Билимдүүлөргө муктаждыгын канааттандырууну эске алуунун негизинде окуу жайдын сапаттуу башкаруу системасын түзүү;

· Мамлекеттик стандарттын талабына ылайык адистерди даярдоонун мазмунун өркүндөтүү ;

· Окуу-тарбиялоо жараянын методикалык жактан камсыздоону өркүндөтүү;

· Жаңы муундагы электрондук билим берүү ресурстарын, жаңы маалымат сервистерди, окутуунун технологиясын, системасын киргизүү жана аларды ыктуу пайдалануу;

· Окуу-тарбиялоо жараянында эффективдүү иш жүзүнө ашырууда билим берүү мекеменин – колледждин материалдык – техникалык базаны чыңдоо жана жаңы түр берүү;

· Эмгек рыногунун муктаждыгына тиешелүү кесиптик билим берүүнүн структурасын жана мазмунун көрсөтүү;

· Колледжди шаардагы, областагы окуу жайлар менен эл аралык жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигине кирүүгө карата интеграциялоо.

3.3.2. Колледждин программасынын түзүлүшү жана өнүгүүсүнүн принциптери .

Өнүгүүнүн негизги принциптери :

· Билим берүүнүн вариативдүүлүгү – тышкы чөйрөнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен терең билим берүү программасын түзүү жана өнүктүрүү, колледжди бүтүргөндөн кийин эмгек рыногунда өзүн реализация кылууда кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ боло тургандай билим берүү программасынын ийкемдүүлүгү;

· Билим берүүнүн үзгүлтүксүз – мектеп менен кантип мамилелешүүдө болсо ЖОЖдор менен дагы ошондой байланышта болуу, кадрлардын квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу системасын ийкемдүү түзүү;

· Адистерди кайрадан кесиптик даярдоодон өткөрүү;

· Окутуунун жаңы технологиясынын элементтерин окуу жараянына активдүү киргизүү;

· Эффективдүүлүгү – окутуунун жана тарбиялоонун уюштурууга, мазмунуна карата адистерди даярдоодо коюлуучу талаптардын биримдигин камсыздоочу билим берүү программасынын системалуулугу.

3.4. Колледждин өнүгүү планындагы иш чаралар

3.4.1. Программанын негизинде адистерди даядоону өнүктүрүүнүн методдору.

Милдеттери:

· Экономикалык жана социалдык чөйрөнүн перспективдүү өнүгүүсүндө квалификациялуу эмгек рыногуна муктаждыкты эске алуу менен инсандын талабына ылайык кесиптик билим берүү программасын өркүндөтүү;

· Личностун чыгармачыл активдүүлүгүн күчөтүү максатында окутуу-тарбиялоо жараянын өркүндөтүү;

· Көп маданияттуу коомдогу шарттарда билим алуучулардын личностун калыптандырууну камсыздоодо тарбиялоонун инновациялык моделин пайдалануу;

· Окутуунун педагогикалык технологиясын сапаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;

· Билим берүү жараянында бирдиктүү маалымат мейкиндигин өнүктүрүү.

Иш чаралардын жана бөлүмдөрдүн аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Билим берүү кызматтарынын чөйрөсүн изилдөө

1

2

3

4

Билим берүү кызматтарга адистердин муктаждыгын алдын- ала айтуу механизмдерин иштеп чыгуу: окутуу процессинин сапатын өркүндөтүү, бүтүрүүчү студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу

Иш берүүчүлөрдү адистик компетенцияларга жана мамилешүү көндүмдөргө карата сунуш берүү мүмкүнчүлөктөрүн изилдөөнү жүргүзүү

Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орнотуу максатында туруктуу эки тараптуу макулдуктар аркылуу колледж менен мекемелердин ортосунда келишимдерди түзүү

Колледждин аброюн жогорулатууга багытталган жаңы технологияларды пайдалануу

ар дайыма

ар дайыма

2019-2024

ар дайыма

Кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү

1

2

Колледждеги төмөндөгү адистиктер боюнча окутуунун күндүзгү формасын өркүндөтүү:

1) Банк иши ( шифр: 080108)

2) Салык жана салык салуу (шифр: 080107)

3) Финансы (шифр: 080106)

4) Экономика жана Бухгалтердик эсеп (шифр:080110)

5) Товар таануу жана керектелүүчү товарларды экспертизалоо (шифр: 080304)

6) Укук таануу (шифр: 030503)

7) Социалдык иштер (шифр: 040101)

Сапаттуу билим берүү менеджментинин системасын калыптандыруу

2019-2024

2019

Нормативдик – методикалык материалдарды өнүктүрүү жана системалоо

1

2

3

4

5

Пайдаланып жаткан нормативдик документтерди жаңыдан иш жүзүнө кирген документтерге, мыйзамдарга карата өзгөртүү, киргизүү жана кайрадан иштеп чыгуу

Колледждин бүткүл иш кагаздарын (ЖББД, ОМК, силлабус, иш чаралар ж.б.) адистиктердин өзгөчөлүгүндөгү

компетенциялардын орун алышына карата күтүлүүчү натыйжаларды көрсөтүү менен иштеп чыгуу

Колледждин негизги нормативдик жана методикалык материалдарын сайтка киргизүү менен иретке келтирүү

Жыйынтыктоочу аттестациялоодо жана окутуу жараянында пайдалануучу, текшерүүчү материалдарды иштеп чыгуу жумуштарын улантуу

Электрондук документациялар аркылуу жүргүзүлгөн окутуу жараянына мониторинг жүргүзүү

өз убагында

2019

ар дайыма

2019

2019-2024

Билим берүү чөйрөсүн эффективдүү калыптандыруу

1

2

3

4

5

6

Студент өзүн-өзү башкаруу системасын өркүндөтүү

ОшМУда, шаарда жана башка жерлерде уюштурулган чыгармачылык жана спорттук мелдештерге катышуу

Бардык жетишкен ийгиликтерин, билим алуудагы жогорку жетишкендиктерин көрсөтүүчү жеке студенттердин портфолиосун түздүрүүгө жетишүү

Ар бир студенттин даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен алардын өз алдынча иштерин уюштуруу жана пландаштыруу

Студенттердин мобилдүүлүгүн күчөтүү

Англис тилдүү моделдик тайпаны түзүү жана ага карата иш чараларды түзүү, аткаруу

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

2019-2020

2021-2022-жж.

3.4.2. Бүтүрүүчүлөрдүн коомчулукка зарылдыгын кароо менен билим берүүнүн сапатын баалоо системасын өнүктүрүү

Милдеттер:

· Кесипти социалдык жана профессионалдык жактан өркүндөтүүгө дүйнөлүк стандартка туура келгендей эффективдүү иштөө жөндөмдүүлүккө жана өз кесибин эркин алып кете алган, эмгек рыногунда конкуренцияга туруштук бере алган, өз профилинин жогорку деңгээлине тиешелүү квалификациялуу жана компетенттүү адистерди даярдоо;

· Билим берүүнүн күтүлүүчү натыйжаларына көз карандысыз баа берүү системасын өркүндөтүүчү шарттарды жаратуу;

· Сапат менеджмент системасын өркүндөтүү;

· Уюштурулган башкаруу системасын оптималдаштыруу ;

· Бүтүрүүчүлөрдү көз карандысыз сертификациялоо системасын өнүктүрүү.

Бөлүмдөрдүн жана иш чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

1

2

3

4

5

6

Кызматтык инструкцияларды жана иштеп жаткан жоболорду, ички эмгектенүүдөгү көрсөтмөлөрдү эрежелерди актуалдаштыруу

Бирдиктүү билим берүү мейкиндигине интеграцияланган маалымат-методикалык иш аракеттеринде ОшМУнун локалдык түзүмүнө кошулууга аракеттенүү

Адистиктерди көз карандысыз аккредитациялоодон өткөрүүгө шарттарды түзүү жана өткөрүү

Колледждин бүтүрүүчүлөрүн сапаттуу даярдалышына канааттангандыгы тууралуу иш берүүчүлөргө мониторинг жүргүзүү

Аудиториядан сырткаркы жана окуу иштеринин мазмунуна жана уюштурулушуна карата студенттердин канааттануусуна карата мониторинг жүргүзүү

Экономикалык багыттагы адистер үчүн Кыргызстандагы колледждердин Ассоциациясын түзүүгө жетишүү

ар дайыма

2019

2019

ар дайыма

ар дайыма

2019, февраль

3.4.3. Жогорку квалификациялуу кадрлар менен колледжди толуктоо жана алардын кесиптик – педагогикалык маданияттуулугун калыптандыруу

Милдеттери:

· Кадрдык саясаттын негизги жоболорун (тандап алуу системасын түзүү, кадрлардын билимдерин жогорулатуу, мотивациянын системасын түзүү) өркүндөтүү;

· Педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо системасын андан – ары өнүктүрүү;

· Кызыкчылыгы жогору болгон билим алуучуларды колдоо системасын калыптандыруу.

Бөлүмдүн жана иш чаранын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

1

2

3

4

5

6

7

Аттестациянын, бүтүрүүчүлөрдүн мамалекеттик жана квалификациялык жумуштарын коргоонун ж.б. жыйынтыгы менен колледждин педагогикалык структура башчыларына тиешелүү чараларды көрүү

Педагогикалык квалификацияны жогорулатуу иштерин колледждин ичинде түзүү

Инновациялык педагогикалык тажрыйбалардын базасын калыптандыруу

Колледждеги жетекчилерди жана педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча жаңы нормативдик материалдарды иштеп чыгуу (аттестациялоонун жобосу, аттестацияны өткөрүүнүн формасы жана процедурасы)

Педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоонун жадыбалын түзүү

Педагогикалык жамааттын мобилдүүлүгүн иш жүзүнө ашыруу

Билим берүүнүн Мамалекеттик стандартынын талабына ылайык адистердин билимдерин жогорулатуу

ар дайыма

2019-2024

2019-2020

2019

2019

2019-2024

ар дайыма

3.4.4. Базар экономикасынын талабына ылайык адистерди тарбиялоодо окутуунун мазмунун структурасын келтирип чыгаруу.

Милдеттери:

· Орто кесиптик билим берүү системасынын программасын кайрадан карап чыгуу;

· Рыноктук мамиленин талабын орундаткандай билим берүү кызматын орундуу пайдалангандан студенттердин муктаждыгын максималдуу жана оперативдүү канааттандыруу;

· Субъектилер менен өз ара байланыштын түрдүү формаларын жана социалдык өнөктөштөр менен мамиленин жолго коюлушун өнүктүрүү;

· Эмгектик рыноктун талабына ылайык окутууну ыңгайлаштыруу;

· Колледж менен башка билим берүү мекемелердин, ишканалардын (банк, фирмалар, салык салуу, укук коргоо, соцфонд ж.б.) өз ара байланыштарын стимулдаштыруу жана стратегиялык максаттарга жетүүдө инновациялык өнүктүрүү.

Бөлүмдүн жана иш чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

1

2

3

4

5

6

Эмгек рыногуна (керектүү) зарыл болгон билим берүү кызматтарынын тизмесин аныктоо

Бүтүрүүчү студенттерди мамлекеттик аттестациялоодо иш берүүчүлөрдү катыштыруу аркылуу сапаттуу адистердин даярдалышын контролдоо

Эмгек рыногунун муктаждыгына карата колледждин материалдык – техникалык базасын чыңдоо

Орто кесиптик билим берүү менен жогорку билим берүүнү интеграциялоонун аткарылышын сактоо

Ишке орноштуруу боюнча уюштурулган ваканциялар ярмаркаларына карата колледж менен туруктуу эки тараптуу байланыштарды күчөтүү

Ассоциацияга кирген кыргызстандагы колледждер менен тажрыйба алмашууну жүргүзүү

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

3.4.5. Коллеждин материалдык – техникалык базасын чыңдоо

Милдеттери:

· Заманбап инвертиризациялоону, жабдыктар ж.б. менен камсыз болуу;

· Библиотекалык фондду жаңылоо;

· Окутуунун техникалык каражаттарына ээ болуу;

· Колледжде программалык камсыздоодо жана компьютердик жабдыктарга ээ болуу;

· Заманбап спорт комплексин курууну сунуштап, ишке ашыруу

Разделдердин жана иш чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

1

2

3

4

5

6

Колледждин – техникалык базасын аудиттен өткөрүүгө шарт түзүп берүү

Сапат менеджмент системасынын талабына ылайык билим берүү процессинде пайдалануучу материалдык ресурстарды башкаруу технологиясын түзүү

Колледжди заманбап окуу-өндүрүштүк, компьютердик жабдыктар жана программалар менен камсыздоодо иш берүүчүлөрдү ушул жумуштун чеке белинде бириктирүү

Окуу-өндүрүштүк кааналарды учурдук ремонттон өткөрүп туруу

Библиотеканын иш аракеттерин компьютерлештирүү жумуштарын улантууга көмөктөшүү:

· Библиотеканын фондун эсепке алууда электрондук базаны өркүндөтүү;

· Студенттердин аралык жана жыйынтыктоо аттестациялоо материалдарын топтоп электрондук базаны жаңылоо;

· Окуу-методикалык адабияттардын электрондук базасына окутуучулардын жана студенттердин үзгүлтүксүз кирип туруусун камсыздоодо;

· Библиотекадагы “Робот сканер”, техникалык каражаттарын колледжде орундуу пайдаланууда;

· ОшМунун башка факультеттерде жайгашкан китеп фонддун пайдалануу боюнча келишимди түзүү жана аны иш жүзүнө ашырууда.

Заманбап спорт комплексин курууну сунуштап, ишке ашыруу

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

ар дайыма

2020-2023

3.4.6. Колледждин бардык иш аракеттеринин багыттарын камсыздоочу маалыматтарды өркүндөтүү

Милдеттери:

· Лицензияланган программалык камсыздоону пайдаланууга өтүү;

· Билим берүүдөгү электрондук маалымат ресурстарын башкаруунун комплекстүү системасын түзүү;

· Окуу-өндүрүштүк, компьютердик жабдыктар жана программалык камсыздоону заманбап жабдуу;

· Окуу жараянындагы маалымат базаны кеңейтүү.

Раздельдердин жана иш чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

1

2

3

4

5

Бирдиктүү билим берүү мейкиндигине андан ары интеграциялоону эске алуу менен колледждин маалымат- методикалык иш аракеттерин локалдык компьютердик тутумга кирүү байланышын күчөтүү

Окуу иштерин жана аны башкарууну белгилүү базасын толуктоо аркылуу маалыматташтырууну камсыздоо

Колледжде ачык электрондук мониторинг жүргүзүү системасын өнүктүрүү, электрондук документтер айкалышын көзөмөлдөө

Колледждеги отчеттук иштердин ачыктыгын камсыздоо

Адистик боюнча даярдалган ОПОП торду кабыл алууда ар түрдүү маалымат булактарга студенттердин эркин кирүүсүнө реалдуу шарттарды түзүү

2019

2019

2019-2020

ар дайыма

2019-2020

3.5. Пландын максаттуу көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүнө ашырылышы жана күтүлүүчү натыйжалар

Финансы-юридикалык колледжинин өнүктүрүү планын иш жүзүнө ашырууда камсыздоо мүмкүнчүлүктөр:

· Бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна кесиби боюнча мобилдүү жана тең таймашууга даяр болгон адистерди чыгарууда орто кесиптик сапаттуу билим берүүгө жетишүү;

· Практикага багытталышын жана сапаттуулугун сактоо менен үзгүлтүксүз билим берүү системасында орто кесиптик билим берүүнүн көп деңгээлдүүлүгүн калыптандыруу;

· Ар түрдүү профилдеги адистерди даярдоонун көлөмүндө эмгек рыногунун муктаждыгына карата личностун билим берүү менен кесиптик кызыкчылыктардын ортосундагы байланышты тургузууга жетишүү;

· Коомчулуктун муктаждыгын канааттандыруучу билим берүүнүн ар түрдүү профилде даярдоодо орто кесиптик билим берүүнүн жеңилдигин жогорулатуу;

· Кесиптик билим берүү системасы менен иш берүүчүлөрдүн байланышын бекемдөө, социалдык өнөктөштөр менен кызматташууну эффективдүү жогорулатуу;

· Орто кесиптик билим берүү үчүн кесиптик даярдыктан өткөрүүдө окутуучулардын, структура жетекчилеринин билим деңгээлин жогорулатуу жана окутуучу – профессордук курамды жаңылоо;

· Жаңы муундагы мамлекеттик стандарттын талабына ылайык окутуунун каражаттарын, жаңы типтеги окуу, окуу – методикалык жана методикалык адабияттарды түзүү, билим берүү процессине телекоммуникациялык системаны, маалымат системасын жана технологиясын пайдаланууну өркүндөтүү;

· Коллежде пайда келтирүүчү проектилерди жазууга, гранттарды утууга карата иштиктүү, кесипкөй атистердин группасын түзүү.

Мамлекеттик билим берүү стандартынын талабына ылайык жогорку эффективдүү педагогикалык технологиялардын каражаттары аркылуу келечектеги адистерге негизги компетенциялардын сиңдирүүлүсү

Негизги натыйжалар

Көрсөткүчтөр (сапаттык сандык)

мөөнөтү

1

2

3

Нормативдик документтерге тиешелүү акыркы муундагы орто кесиптик стандартты иш жүзүнө ашыруу

Келечектеги адистерди даярдоодо жеке инсанга багытталган компетенттүү мамилени иш жүзүнө ашыруу;

Окутуу–тарбиялоо процессине келечектеги адистерди даярдоодогу компетенциялардын моделин киргизүү жана түзүү

Студенттердин чыгармачылык, социалдык жана илим изилдөө жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү

Орто кесиптик мамлекеттик стандарттын жаңы түзүмүн эске алуу менен окутуу тарбиялоо процессин методикалык жактан толук камсыздоо.

Студенттерди кесипке даярдоодогу сапатты жогорулатуу (аралык жана жыйынтык мамлекеттик атестациялоонун жыйынтыгы 60% дан 75%га чейинки өндүрүштү (кесиптик) практика)

Жүргүзүлгөн мониторинг – 20% дан 45% га чейинки жалпы санына студенттердин изилдөөчүлүк, социалдык жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүнө санын көбөйтүү

2019-2022ж.ж.

2019-2024ж.ж.

2019-2024ж.ж.

Базар экономикасынын жана мамлекеттик укук шарттарында студенттердин жарандык аң сезиминин келечектеги адис катарында инсандык жана профессионалдык деңгээлге жетишүүсү

Негизги натыйжалар

Көрсөткүчтөр (сапаттык сандык)

мөөнөтү

1

2

3

Студенттерди кесипке багыттоону өнүктүрүүдөгү оң тенденцияларды көбөйтүү

Студенттик коллективди руханий – адептүүлүккө тарбиялоо жана социалдаштыруу

Студенттердин чыгармачылык, иштиктүүлүк, жаратуучулук активдүүлүгүн өнүктүрүү

Өндүрүштүк (кесиптик) практиканы сапаттык көрсөткүчүн 75% га жогорулатуу

Социалдык маанилүү проектилерге тартуу жана иштеп чыгууга студенттердин санын 15%дан 50%га чейин жогорулатуу

Регионалдык, шаардык, областык жана ОшМУда уюштурулган фестивалдарга,конкурстарга студенттердин 25%нан 60%га чейин катыштыруу

2019-2022ж.ж.

2019-2024ж.ж.

2019-2024ж.ж.

Тарбиялоо-билим берүү процессин жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыздоо

Негизги натыйжалар

Көрсөткүчтөр (сапаттык сандык)

мөөнөтү

1

2

Илимий – практикалык конференцияларга, илимий иштердин конкурстарына

коллеждин окутуучу-профессордук жамаатынын катышуусунун жыйынтыгы жана активдүүлүгүнүн өсүшү

Педагогикалык кызматкерлердин кесибин жогорулатуу боюнча жаңы формаларын өнүктүрүү (ОшМУдагы иш аракеттерге карап)

Белгилүү багыттар боюнча уюштурулган иш чараларга катышуучулардын санын 10%дан 30%га чейин

жогорулатуу

Билим берүү мекемелеринин жок дегенде коллективдин эки мүчөсүн жылда стажировкадан өтүп келүүсү

2019-2024ж.ж.

2019-2024ж.ж

3.6. Документтин өзгөртүлүшү

Колледждин перспективдүү планынын өзгөртүлүшүнө негиз болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

· Түзүлгөн мамилелер боюнча көзөмөлдөөчү жаңы нормативдик документтерди кабыл алганда;

· Документтин текстинде аныкталган техникалык катаалдарды (мукабалоодон жараксыз болгон учурда басмадан кеткен каталар ж.у.с.) жоюу зарылдыгында: документти өзгөртүүгө зарыл болгон башка негиздүү иш аракеттерде.

3.7. Аткарылышын көзөмөлдөө

3.7.1. Финансы-юридикалык колледжинин бул жобосунун аткарылышын көзөмөлдөө түзгөн адиске жүктөлөт. Түзүүчү жылына бир жолу жобонун актуалдуулугун текшерет. Документтин актуалдуулугу бир нече текшерүүдөн кийин “Белгилөө барагына/Лист регистрации”, “Өзгөртүү талап кылынбайт” деген жазууну фамилиясын, датасын көрсөтүү менен калтырат.

3.7.2. Эгерде өзгөртүү талап кылынса “Белгилөө барагына/Лист регистрации” мезгил-мезгили менен текшерүүдөн келип чыккан өзгөрүүлөрдү ким текшерген, качан текшерген, кайсы бөлүмгө өзгөртүү киргизүү керек экендигин жазып коет.

Коллеждин перспективдүү

планын түзгөн; ФЮКтун

директору, доцент: Акматова Т.

IV Таанышуу баракчасы

Сапат менеджмент системасы.

Коллеждин 2019-2024 жылдардагы өнүгүүсүнүн перспективдүү Планы

“Колледждин 2019-2024 жылдардагы өнүгүүсүнүн перспективдүү планы” жөнүндөгү документ менен тааныштым.

Ким таанышты (Аты- жөнү, кызматы)

Колу

Таанышкан күнү, датасы

Ким тааныштырды (Ф.А.Ж. кызматы)

Колу