Окуу-өндүрүштүк практика

2021-03-09 10:05:39 341

2020-2021-окуу жылындагы окуу процессинин жадыбалына ылайык ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин “Финансы жана банк иши” ПЦКнын “Каржы” жана “Банк иши” адистиктеринин 2-курсунун студенттери, 2021-жылдын 1-февралынан 27-февралына чейин окуу-таанышуу практикасын өтөшөт. Студенттердин практиканы өтөп жаткандыгын текшерип келүү максатында ПЦКнын тиешелүү практика жетекчилери: колледждин директору Исаков Нургазы Жолболдуевич Баткен облусуна, «ФБИТТТЭ» бөлүмүнүн башчысы Абдрахманов Оенбек Эмилович Кадамжай районуна жана ПЦК төрагасы Маликов Алтынбек Азизбекович Өзгөн районуна, Асилбек кызы Жыпара Айдаркен жана Баткен шаарларына , Калбекова Махбурат Жамшитбековна, Алиева Дилафруз Мурваиджановна, Каримова Гульмира Алимжановна Жалал-абад облусуна барып келишти. Студенттерге жакындан жардам көрсөтүп жаткан ишканадагы тиешелүү жетекчилерине жолугуп, аларга окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирилди.Биздин окуу-жайдын студенттерине карата ишканалардын жетекчилери тарабынан жакшы пикирлер, мактоорлор айтылды, өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн практикада жакшы деңгээлде колдоно алышканына ишеним артышты. Келечекте болсо банктар, мамлекеттик мекемелер жумуш орун берүүгө даяр экенин билдиришти.