«АЛТЫН –УЯ» балдар үйүнө кайрымдуулуктун алкагында иш-чара уюштуруп барып келишти.

2021-10-25 15:27:40 280

2021-жылдын 22-октябрь күнү, ФЮКтун Финансы тармактар боюнча адистигинин 1-курсунун студенттери, Ош шаарынын Курманжан-Датка кчр, Спортивная көчөсүндөгү жайгашкан «АЛТЫН –УЯ» балдар үйүнө кайрымдуулуктун алкагында иш-чара уюштуруп барып келишти. Тайпанын куратору Г. К. Тойчубекова алдын ала балдар үйүнүн директору Тамара эжеке менен байланышып, балдардын муктаждыгы тууралуу маалымат алып анын негизинде балдар үйүнө жер-жемиштер, май, макарон жана балдар үчүн таттуулар жеткирилди. Иш чаранын алкагында, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жагымдуу маанай тартуулоо максатында студенттер тарабынан ыр, бий жана кичи конкурстар уюштурулуп, өзгөчөлөнгөн тарбиялануучуларга белектер тапшырылды. Окутуу-тарбиялоо процессинде мындай иш-чаралардын уюштурулуп турушу, студенттердин келечекте өз үй-бүлөөсүнө, анын келечегине, ден-соолугуна жана мыкты инсан болуусуна кам көрүү менен бирге коомдогу үлгүлүү ата-энелерден жана кайрымдуулук иштери менен алектенген мыкты инсандардан болот деген ишенимдебиз. Тайпанын кураторунун жана студенттердин мындай кайрымдуулук иштерине, ата-энелер тарабынан ыраазычылыктар айтылып, уул-кыздары менен сыймыктана тургандыгын билдиришти.