Өзгөн мунарасы-археологиялык комплексине саякат

2021-10-27 14:50:56 260

Финансы–Юридикалык коллежинин Финансы жана банк иши ПЦКсынын Финансы адистигинин бүтүрүүчү курсу болгон ФКК-2-19 тайпасынын студенттери 2021-жылдын 16-октябрь күнү, Ош областына караштуу Өзгөн районундагы Өзгөн мунарасы-археологиялык комплексине саякаттап барып келишти. Саякаттын программасына алгач Мунара менен таанышуу,ата-бабаларга куран багыштоо жана атактуу Өзөн базары менен жакындан таанышуу болгондуктан,студенттер бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен программанын негизинде эс алып кайтышты. Тарыхый баалуулуктарды камтыган тарыхый комплекс студенттерди өзүнүн бай тарыхы менен кызыктырды. Комлекс тууралуу ар түрдүү кызыктуу фактыларды тайпанын куратору Г.К.Тойчубекова баяндап айтып берди. Негизинен саякат эсте калаарлык жана кызыктуу болуп,студенттердин өз ата-мекенин коргоого,сүйүүгө жана баалоого багыттады.