Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

2021-11-05 15:39:45 280

7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" Бул күндү утурлай ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин "Башкарууну документациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер" циклы тарабынан "Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" аттуу темада эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Эскерүү иш-чараны циклдын төрайымы Чыналиева Мубарак Иманбаевна ачуу сөзүн сүйлөп, студенттерге жана доклад жасоочуларга ийгиликтерди каалады. Эскерүү иш-чарага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура, Чыгыш таануу жана тарых факультетинен Бөтөноев Жолдошбек, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин өкүлү Эгемназаров Исхак жана колледждин эмгек жамааты катышышты. Бөтөноев Жолдошбек "Кыргызстандагы саясий куугунтуктоолор: жүрүшү жана кесепеттери (Басмачылык кыймыл, кулакка тартуу саясаты, саясий репрессиялар)", Башкарууну документациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер циклынын окутуучусу Токторова Нуржан "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" Эгемназаров Исхак" Алтын доорду жараткан Исхак Раззаков" деген темада илимий докладдар жасалып, студенттер менен кызыктуу суроо - жооп талкуулар болду. Иш-чаранын экинчи бөлүгү маданий эс алуу болуп, студенттердин ата-бабаларга арналган автордук чыгармалары, мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөгөн ырлары ырдалды. "Башкарууну документациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер " циклынын мындан ары дагы студенттер менен илимий, интеллектуалдык жана маданий иш-чараларды уюштура бермекчи.