“Сулайман-Тоону- таштандыдан коргойлу” аттуу ишембилик уюштурулду.

2021-11-12 13:36:11 378

“Сулайман-Тоону- таштандыдан коргойлу” аттуу ишембилик уюштурулду. 2021-жылдын 2-ноябрында Финансы-юридикалык коллежинин «Финансы, банк иши, табият таануу жана товарды эксперизалоо» ПЦКсынын Финансы (тармактар) боюнча адистигинин 1-3-курсунун студенттери менен тайпанын куратору Г. Тойчубекованын 2021-2022-окуу жылындагы куратордук иш-планынын алкагында, ноябрь айына белгиленген «Сулайман –Тоону таштандыдан коргойлу» аттуу ишембилик уюштурулду. Ишембиликтин алкагында, алдын – ала таштандыны жыйноого ар бир студентке бир жолку колдонулуучу кол каптар жана таштандыны топтоого, ташууга атайын пакеттер студенттердин демилгеси менен сатылып алынган. Мындай даярдыктар менен Ош шаарынын туристтик обьекттеринин бири болгон Сулайман-Тоонун Тамчы-Суу дарбазасына барганыбызда, кабыл алуу жана конторанын жашылдандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери кубануу менен тосуп алышты жана тарыхый комплекстин тазалык боюнча иштерине көмөк көрсөтүп жаткандыгыбызга алдын-ала ыраазычылык билдиришти. Ишембиликтин жүрүшүндө, студенттер 7 командага бөлүнүшүп таштандыларды терип пакеттерге топтошту. Ошондой эле, иштин жүрүшүндө эс алуучулардын таштап жаткан таштандыларын тиешелүү таштанды челектерине таштоо байма-бай эскертилип, аталган тообуз шаарыбыздын көркү, тарыхый баалуулуктарды кучагына алган туристтик эс алуу жайы, жергиликтүү калктын дем алуучу жана диний сапарларына келүүчү сыймыктуу ыйык жери, жаштардын романтикалуу жолугушуу жайы жана спортчулардын сүйүктүү машыгуучу аймагы экендиги айтылып жатты. Белгилей кетүүчү нерсе, эс алуу менен сыйынууга келген эс алуучулардын баары, таштанды жыйып жүргөн студенттерге суктануу менен карашып, ыраазычылык билдирип жатышты. Бул жагдай, студенттерибиздин жасап жаткан ишинин коом, шаар жана окуу жай үчүн гана эмес өзүнүн жарандык милдетин аткарып жаткандыгын билишип, сыймыктануу менен көтөрүңкү маанайда жүрүштү. Жалпысынан айтканда, студенттердин ар бири колундагы таштандыга толгон пакеттерин таштанды контейнерине таштагандан кийин, жасаган жумушунан ырахат алып, коомго бүгүн өзүнүн салымын кошкондугуна сыймыктанганы көрүнүп турду. Мындан “Сулайман-Тоону- таштандыдан коргойлу” – аттуу темадагы куратордук саатка койгон максатыбыз аткарылды жана мындай багыттагы темалар менен иштөө али алдыда экендигине ынануу менен үйлөрүбүзгө кайттык.