«Кыргыз Республикасынын пробация институту» деген аталышта конок лекция өткөрүлдү. Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү ПЦКсы.

2021-11-15 14:40:55 269

2021-жылдын 11-ноябрь күнү Укук таануу жана укук коргоо иши адистигинде окуган студенттер үчүн "Кыргыз Республикасынын пробация институту" деген аталышта конок лекция өткөрүлдү. Конок лекцияга Пробация департаменттинин Ош, Джалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын иш жургузуучусу Эмилканова Айзирек Эмилкановна катышты. Лекциянын жүрүшүндө студенттер тарабынан суроолор берилип, талкуу кызуу жүрдү. Студенттерди пробацияга практикага алып барууга макулдашылды. Конок лекция Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү ПЦКнын окутуучусу Ибрагимова Махаббат тарабынан уюштурулду.