ТЕГЕРЕК СТОЛ

2022-03-02 12:05:56 213

2022-жылдын 1-март күнү Финансы-юридикалык колледжинде ушул жылдын февраль айында уюштурулган Комплекстүү (Кыргыстан тарыхы, кыргыз тили жана адабияты, кыргызстандын географиясы) мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча тегерек стол уюштурулду. Иш чараны ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору б.и.к., доцент Т.К. Эркебаев ачып, МАны уюштуруудагы негизги көйгөйлөргө токтолуп, университеттин локалдык документтерин кайрадан кароону комплекстик МАга тиешеси бар жетекчилерге милдеттендирди. Тегерек столдун жүрүшүндө ФЮКтун студенттеринеөткөрүлгөн МАнын жыйынтыгы, жүргүзүлгөн онлайн сурамжылоонун диаграммасы, МАнын графиктери жана обзордук лекциялардын уюштурулушу, МАнын суроолорунун берилиши, алдын ала тесттерге студенттерди киргизүү ж.б. талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында ФЮКтун директору э.и.к., Н.Ж. Исаков токтомдун долбоору менен тааныштырып, катышуучулар тарабынан колдоо тапты. Тегерек столго Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн методисти Д.Т. Тоокеева, Башкарууну документациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер ПЦКнын төрайымы т.и.к., М.И. Чыналиева, Кыргыз тили жана адабияты дисциплинасы боюнча - Кыргыз тили жана адабияты, манас таануу ПЦКнын төрайымы ф.и.к., доцент Б.Б. Байтикова, Кыргызстандын географиясы дисциплинасы боюнча -Профессионалдык бөлүмдүн башчысы г.и.к., Б.С. Сатыбалдыев жана тиешелүү окутуучулар катышты.