Академиялык мобилдүүлүк уланууда

2022-03-09 09:59:56 342

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин жана К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде 2022-жылдын 28-февралынан 6-мартына чейин студенттер жана окутуучулар курамы ФЮКта болушту. Эсеп-каржылык дисциплиналар кафедрасынын башчысы - доцент Г.Т.Капарова жана окутуучулар - Б.А.Хасанова, Дж.Р.Мамыркулова, М.Р.Режапова колледждин окуу жараяны менен таанышышып сабактарга катышышты. Гуманитардык-экономикалык колледжинин студенттерин ФЮКтун студенттери жана окутуучулары жылуу тосуп алышты. Сабактар кызыктуу өтүлдү. Жыйынтыгында ФЮКтун директору, э.и.к. Н.Ж.Исаков коноктор менен чакан жыйын уюштуруп сертификаттар берилип, мындай иш-чараларды дагы да жандандыруу зарылдыгын белгилеп кетти.