ФЮКтун жана “Оптима” банкы ААКсынын өкүлдөрү ( иш берүүчүлөр) менен кызматташуусу уланууда

2022-03-15 15:00:17 198

ФЮКтун жана “Оптима” банкы ААКсынын өкүлдөрү ( иш берүүчүлөр ) менен кызматташуусу уланууда... 2022-жылдын 17-февраль күнү ишберүүчүлөрдү окуу процессине тартуу максатында, Оптима Банкынын кызматкерлери менен ФЮКтун экономикалык багыттагы студенттеринин жолугушуусу Финансы жана банк иши ПЦКсы тарабынан уюштурулду. Жолугушууда, акча каражаттарын башкаруу, депозиттик операциялар, аманаттарды ишенимдүү сактоо жана акча операциялары боюнча отчеттуулук боюнча банк сферасында практикаланган маалыматтар берилди жана кызыктуу талкуу уюштурушту. Студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Андан соң, студенттерге дуалдык билим берүүгө багытталган иш-аракеттердин башталышы катары банк кызматкерлигине тандоо (анкетирлөө) жүргүзүлдү. Аталган жолугушуудагы максат катары, бүтүрүүчү курстарга сабак учуруна чейин же кийин бош убактысында банк сферасында стажерлук иш ордуна каалоочуларды чакыруу болду. Жыйынтыгында, ФЮКтун Көз Карандысыз Аккредитациянын талаптарынын бири болгон иш берүүчүлөр менен тыгыз иш алып баруу жана окуу процессине стейкхолдерлерди тартуу ишке ашып жаткандыгы маалым болду.