Мобилдүүлүк иш-чарасы

2022-03-30 11:55:20 199

2022-жылдын 24-март күнү, Финансы-юридикалык колледжинин ФжБи ПЦКсынын окутуучулары Райимбердиева Жаннат жана Алиева Диляфруз ФЮКка Майлуу-Суу борбордук Азия колледжинен келишкен экономика багытындагы студенттерге жалпылаштырылган (обзордук) лекция өтүштү. Лекция учурунда Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалы, кризистен чыгуу жолдору, банк системасы, учурдагы валюталык процесстер, КРУБдун функциялары ж.б. темалар боюнча талкуу жүрдү. Талкууда студенттер активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Келечекте аталган окуу жайы менен тыгыз тажрыйба алмашуу жүргүзүү боюнча пландар түзүлдү.