ФЮКта семинар өткөрүлдү.

2022-04-06 13:30:45 193

5-апрель күнү Финансы-юридикалык колледжинин 213-лекциялык каанасында университеттин “ОшМУ Студент” жана “ОшМУ Окутуучу” мобилдик тиркемелерин колдонуу боюнча семинар болуп өттү. Семинардын модератору IT академиясынын бөлүм башчысы Абдирасулов Айтибек Закирович аталган тиркемелерди колдонуу боюнча айтып, алардын академиялык чынчылдыкты калыптандыруудагы артыкчылыктары, окуу процессин башкаруудагы жеңилдиктерин кенен түшүндүрүп берди. Семинарга жалпы окутуучулар жана тайпалардын старосталары катышты. “ОшМУ Студент” жана “ОшМУ Окутуучу” мобилдик тиркемелерин 2-модулдан баштап тесттик шартта колдонууну ФЮКтун жетекчилиги пландаштырууда.