Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы

2015-04-09 18:12:17 266

Бүгүн 9-апрелде Финансы – юридикалык коллежинин Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы уюштурган “3-апрель Бухгалтерлердин кесиптик майрамына” карата “Биздин мыкты адистер” аттуу КВН болуп өттү. Аталган КВНге 4 команда катышып, төмөнкү программалар боюнча ат салышты Саламдашуу, Адистиктердин ишмердүүлүгүнөн бир көрүнүш, Разминка, Өнөрүн болсо өргө чап. КВНге катышкан командалар ФЮКтун студенттерине жана окутуучуларына мыкты маанай тартуулашты. Жыйынтыгында 1-орунду Валюта командасы, 2-орунда Актив, 3-орунду 1сом командасы алды. Жеңүүчүлөр ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. КВНдин соңунда салтка айланып калган лотерея ойнотулуп, жеңүүчү билет ээлерине баалуу белектер тапшырылды.