ФЮКтун студенттери жана окутуучулар ЖЧК "Кыргыз Унаа Курулуш" LTDда экскурсияда

2022-12-07 13:16:06 174

2022-жылдын 6-декабрь күнү ФЮКтун студенттери жана директор Н.Ж.Исаков, практика жетекчиси А.Ш.Аскаралиев, окутуучу Кылычбек кызы М. Ош шаарындагы ЖЧК "Кыргыз Унаа Курулуш" LTDга өндүрүш менен таанышуу максатында экскурсияга барышты. Өндүрүштүк мекеменин директору Топчубаев Асылбек Аманович жалпы студенттер үчүн атайын ишкана боюнча видео материал менен тааныштырып, болочоктогу экономикалык адистиктердин маанилүүгүн , күчтүү кадрлар ар дайым бааланарын , окууга чын дили берилип кесипкөй адис болуп жетишүү каалоосун айтты. ФЮК менен ЖЧК "Кыргыз Унаа Курулуш" LTDнын ортосунда студенттердин өндүрүштүк практикасын өтүү үчүн келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп бул иш-аракетти колдоорун айтты. ЖЧК "Кыргыз Унаа Курулуш" LTDнын директоруна жана өндүрүштүк процесс менен бизди тааныштырган Нурбек, Каныкей жана Байгазыга терең ыраазычылык билдиребиз.