Конок лекция

2022-12-14 08:48:57 156

Бүгүн 13-декабрь күнү "Барбол" жергиликтүү Ата Мекендик өндүрүш компаниясынын пиар-менеджери Казыбекова Ак-Набат ФКК-1-20, БДР-2-20 тайпаларына "СММ-адиси, Таргет, Маркетолог - чакан ишкананын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчү" деген темада конок лекция өттү. Студенттерге рынокту сегменттөө, ишканалардын ишмердүүлүгүнө маркетингдик изилдөө жүргүзүү, социалдык тармактардагы баракчаларын башкаруу, максаттуу рекламалык роликтерди даярдоо боюнча маалыматтары менен бөлүштү. Менеджердин пикиринде теория менен практиканы айкалыштыруу учурдун актуалдуу талаптарынын бири болуп жаткандыктан, изденүү, аракеттенүү, жаңы маалыматтар менен күн сайын кабардар болуу зарыл экендигин студенттерге баса белгиледи жана учурда ишканадагы ваканттык кызмат орундар , практика өтөө үчүн стажировкагаларга карата жарыяланган конкрустарга катышууга чакырды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө "Барбол" компаниясы түштүк регионунда ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан, рыноктук экономиканын шартында миграциянын кыскаруусуна аз да болсо салым кошуу максатында жумуш орундарын түзүп 2008-жылдан бери татыктуу иштеп келе жатат. Аталган компанияда 350 жаран жумуш менен камсыз болгон, алардын 80% кыз - келиндер түзөт. Лекциянын сонунда студенттер учун жаны продукциянын дегустациясы болду. Конок лекция Финансы жана банк иши ПЦКнын иш планына ылайык окутуучу Ч.К. Муратова тарабынан уюштурулду.