Финансы жана банк иши кафедрасында ачык сабак өткөрүлдү

2022-12-15 17:13:45 139

Финансы-юридикалык колледжинин ФБИ ПЦКнын окутуучусу Анарбай кызы Айпери «Экономикалык теория» дисциплинасынан “Дүйнөлүк рынок жана эл аралык соода” деген темада БДК11-1-22 тайпасына семинардык ачык сабак өттү. Семинардык сабакта дүйнөлүк рыноктун өнүгүү этаптары, эл аралык сооданын теориялары жана дүйнолүк рынок боюнча кызыктуу маалыматтар айтылып, студенттер топтордо кызуу талкуулашты. Ачык сабакка катышкандар: ФЮКтун окуу-усулдук кеңешинин төрайымы: Раимбердиева Ж.К., ФБИ ПЦКнын окутуучулары: Муратова Ч., Каримова Г., Маликов А., Сооронбек к.Т.