Ата-энелер менен жолугушуу.

2022-12-21 14:14:26 181

2022-жылдын 17-декабрь күнү ЭБК11-1-21 тайпасына “ Ата –Аска –зоо, Эне- боорундагы булак, бала –экөөнө тең шам чырак” аттуу ата-энелердин катышуусунда ачык куратордук саат өткөрүлдү. Келген ата-энелер менен ФЮКтун директору Н.Исаков жоолугуп, коллдеж менен тыгыз байланышта иштеген активдүү ата-энелерге ыраазычылык билдирди. Сабактын жүрүшүндө тайпадагы ар бир студент жөнүндө кенен маалымат берилип, тайпанын рейтинги, тайпанын ичинде студенттердин рейтингдери, колледж боюнча алдыңкы студенттер көрсөтүлдү. Андан сырткары ата-эне жөнүндө көркөм окуулар, обондуу ырлар жаңырып, студенттин бир күндүк жашоосу сахналаштырылып көрсөтүлдү. Сабактын жыйынтыгында студеттер өз колдору менен жасаган белектерин ата-энелерине беришти жана рейтингдеги алдыңкы5 студенттин ата-энесине ыраазычылык каттар тапшырылды.