ФЮКтун Финансы жана банк иши адистигинин 2-курстары үчүн окуу-өндүрүштүк практикага багыт берүүчү конференция болуп өттү.

2023-02-04 11:43:44 136

2023-жыллын 02-февраль күнү ФЮКтун Финансы жана банк иши адистигинин 2-курстары үчүн окутуучу Ш.А.Аскаралиев тарабынан окуу-өндүрүштүк практикага багыт берүүчү конференция болуп өттү. Студенттерге баштапкы инструктаж, техникалык- коопсуздук эрежелери, эмгек дисциплинасы, коомдук тартип боюнча маалымат берди. Окутуучу А.Карыбеков студенттерге практика учурунда калыптануучу компетенциялар боюнча, кандай натыйжаларга жетишүүсү зарылдыгын түшүндүрүп берди. Бөлүм башчы э.и.к. О.Абдрахманов жалпы студенттер жана усулчуларга укуктары жана милдеттери жөнүндө айтып болочоктогу адистерге ийгиликтерди каалады.